Бишкектин көчөлөрүндө заара ушаткан чет өлкөлүк кармалды – ал Кыргызстандан чыгарылат
Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, алардын бири көчөдө заара ушатып жаткан. Тартип бузгандарды 22-июлда экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери аныктап, кармашкан.
Кармалгандар 1996-жылы туулган М.К., 1984-жылы туулган Ч.Ш. жана 1988-жылы туулган Д.Г. аттуу чет өлкөлүк жарандар экени белгилүү болду.
Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси («Майда бейбаштык») жана 83-беренеси («Белгиленбеген жайларда тамеки чегүү») боюнча протоколдор түзүлдү.
Материалдар сотто каралганга чейин үчөө тең Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматка ылайык, алар Кыргызстандын аймагынан чыгарылат.
