Бишкекте адистер реабилитациялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин талкуулашты
18 июнь

Бишкекте адистер реабилитациялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин талкуулашты

2026-жылдын 17-июнунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунда болду.

Көчмө жыйынга институттун, Улуттук госпиталдын жетекчилиги, ошондой эле неврология, нейрохирургия жана медициналык реабилитация тармагындагы алдыңкы адистер катышты.

Иш сапардын алкагында катышуучулар институттун ишмердүүлүгү, анын материалдык-техникалык базасы жана бейтаптарга реабилитациялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Жумушчу топ профилдик бөлүмдөрдү, дарылоо-диагностикалык жана реабилитациялык бөлмөлөрдү, ошондой эле калыбына келтирүүчү дарылоонун атайын объекттерин, анын ичинде бассейндерди жана реабилитациялык залдарды кыдырып чыкты.

Талкуунун жүрүшүндө негизги көңүл инсульт алган, нейрохирургиялык операцияларды башынан өткөргөн жана башка оор неврологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптарды медициналык реабилитациялоо тутумун андан ары өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча стационардык дарылоо менен медициналык реабилитациялоо этаптарынын ортосундагы ырааттуулукту уюштуруу механизмдери каралды. Тактап айтканда, оорунун курч мезгили аяктагандан кийин, бейтаптарды Улуттук госпиталдан Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтуна калыбына келтирүүчү дарылоодон өтүү үчүн жөнөтүү маселелери иштелип жатат.

Мындан сырткары, бейтаптарды тандап алуу критерийлери, реабилитациялык потенциалды баалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдонуудагы клиникалык протоколдоруна жана ченемдик укуктук документтерине ылайык, оорулуулардын маршрутизациясын өркүндөтүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Жыйындын катышуучулары өз убагында башталган медициналык реабилитация инсульттан жана борбордук нерв системасынын башка оор илдеттеринен кийин бейтаптарды калыбына келтирүүнүн маанилүү этабы болуп саналаарын, ошондой эле майыптуулукту азайтууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык реабилитация тутумун өнүктүрүү жана калк үчүн калыбына келтирүүчү дарылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо багытындагы иштерди улантат.