Гитлер төрөлгөн үйдө расмий түрдө полиция бөлүмү ачылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 июль

Гитлер төрөлгөн үйдө расмий түрдө полиция бөлүмү ачылды

Австриянын Браунау-ам-Инн шаарында 1889-жылы Адольф Гитлер төрөлгөн үйдө расмий түрдө полиция бөлүмү ачылды. Бийлик өкүлдөрү имараттын жаңы багыты аны неонацисттер үчүн кызыксыз жайга айлантат деп эсептешет.

Гитлер бул үйдө өмүрүнүн алгачкы бир нече жумасын гана өткөргөн. Кийинчерээк имарат ар кандай мекемелер тарабынан колдонулуп, алардын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөткөн уюм да болгон. 2011-жылдан кийин үй бош турган.

Бул жайга ультраоңчул көз караштагы адамдар бир нече жолу келип турушкан. Австрия бийлиги мурдагы ээси менен узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин 2017-жылы үйдү сатып алып, 2019-жылы бул жерге полиция бөлүмүн жайгаштыруу планын жарыялаган.

Реконструкция иштерине болжол менен 20 миллион евро сарпталган. Имараттын сырткы көрүнүшү өзгөртүлүп, сары түсү ак түскө боёлгон. Максат — аны мурдагыдай оңой таанылбаган кылуу. Азыр имаратта «Полиция» деген гана жазуу илинип турат.

Үйдүн алдында мурдагы Маутхаузен концлагеринен алынып келинген эстелик таш сакталган. Анда тынчтыкка, эркиндикке жана демократияга чакырык жазылып, «Фашизмге кайрадан эч качан жол жок» деген сөздөр чегилген. Эстеликте Гитлердин ысымы аталбайт.

Бул чечим коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар полиция бөлүмүнүн ачылышы неонацисттердин бул жерге зыярат кылуусун токтотот деп эсептешсе, башкалары бул жерде нацисттик режимдин кылмыштарын баяндаган билим берүү борборун же музейди түзүүнү сунушташкан.