Ош: жасалма чек көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды
30 январь

Ош: жасалма чек көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун айдоочуларына жасалма чек көрсөтүп жүрүшкөн эки чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Алар Оштогу жогорку медициналык окуу жайларда окушат. Студенттер Ош ШИИБне алынып келинип, профилактикалык маектешүү өткөрүлдү.

Алар, 2005 жана 2006-жылы туулган. Андан сырткары окуу жайдын окутуучулар жамааты менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарга бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын аймагында өлкөнүн Мыйзамдарын так, кыйшаюусуз аткаруу, жергиликтүү элдин каада-салтын, үрп-адаттарын сыйлоо эскертилди.

Учурда бул факт Ош ШИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталды.