Эдил Байсалов кызматтан кетти деген маалымат чындыкка коошпойт – Орунбеков
18 март

Эдил Байсалов кызматтан кетти деген маалымат чындыкка коошпойт – Орунбеков

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетти деген чындыкка коошпойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Анын айтымына караганда, бир катар маалымат сайттарда бир эмес, эки чиновниктин кызматтан алынышы тууралуу маалымат тараган.

"Бир катар маалымат сайттарда Эдил Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз", – деди ал.