Нарын шаарында заманбап коомдук мончо курулат
1 март

Нарын шаарында заманбап коомдук мончо курулат

Нарын шаарында заманбап коомдук мончо куруу пландалууда. Ал 200 орунга ылайыкташтырылат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Мончо шаардын Көтөрмө аймагындагы 800 чарчы метр жер аянтына курулуп, ал республикалык казынадан каржыланат.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын курулуш мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, коомдук мончонун имаратынын долбоорун даярдоону тездетүүнү талкуулады.