Бишкек шаарында «Нелегал» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
30 январь

Бишкек шаарында «Нелегал» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарында «Нелегал» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКАКдын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарынын бузулушун аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаада айрым чет өлкөлүк студенттердин жанында зарыл болгон документтер жок экени аныкталды. Аталган жарандар менен паспортторду, студенттик визаларды жана белгиленген тартипте каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтерди дайыма өздөрү менен алып жүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуулар жана жүргүзүлгөн профилактикалык иштер боюнча маалыматтар жогорку окуу жайларынын жетекчилигине тиешелүү чараларды көрүү жана студенттер тарабынан миграциялык талаптардын, анын ичинде бардык зарыл документтердин милдеттүү түрдө болушун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында жеткирилди.

Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө айрым чет өлкөлүк жарандар аныкталып, жагдайларды тактоо жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын ИИББна жеткирилди.

Бишкек шаарынын ИИББгы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн миграциялык мыйзамдарды сактоо милдеттүү экенин эскертет.