Кыргызстанда 2025-жылы 12 миңге жакын жол белгилери чыгарылган
30 январь

Кыргызстанда 2025-жылы 12 миңге жакын жол белгилери чыгарылган

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси 2025-жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды. 

Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды.

Белгилей кетсек, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө.

Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет.