Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолундагы таш көчкүнү тазалоо иштери уланууда
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
6 июнь

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолундагы таш көчкүнү тазалоо иштери уланууда

Бүгүн, 6-июнунда Тогуз-Торо районундагы №18 жол тейлөө ишканасы тарабынан Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 270–271-чакырым аралыгында түшкөн болжол менен 60 миң куб метр көлөмүндөгү таш көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Учурда тазалоо иштерине 3 даана экскаватор, 3 даана погрузчик жана 2 даана HOWO үлгүсүндөгү автосамосвал тартылып, жолду ачуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Мындан тышкары, аталган унаа жолунун 82 жана 84-чакырымдарында да таш көчкү түшүп, тиешелүү жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн жумуштардын жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев жеринен таанышып, жооптуу кызматкерлер менен жолугушту. Орун басар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана тазалоо иштерин мүмкүнчүлүккө жараша ыкчам бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалымат боюнча, тазалоо иштерин дүйшөмбү күнүнө чейин бүтүрүп, унаа каттамын калыбына келтирүү күтүлүүдө.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында зарыл иши жок жарандарга Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолу аркылуу каттамга чыкпай туруусу сунушталат.