ӨКМдин куткаруучусу Москвада Кыргызстандын намысын коргоп жатат
Москва шаарында Street Workout спорту боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдеш өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн спортчулар катышып, күчүн жана чеберчилигин сынашууда.
Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучусу Жантөрөев Руслан коргоп жатат.
Руслан Жантөрөев куткаруучулук кесип менен бирге спортту айкалыштырып, Street Workout багытында жогорку деңгээлде машыгып келет. Эл аралык мелдеште Кыргызстандын туусун желбиретип, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоо үчүн күчүн сынап жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга, спортту өнүктүрүүгө жана таланттуу спортчуларды колдоого өзгөчө көңүл буруп келет. Министрлик тарабынан спорт менен машыккан кызматкерлерге ар дайым колдоо көрсөтүлүп, алардын республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуусуна шарттар түзүлүүдө.
