Сүрөт ачык булактардан алынды
7 сентябрь
Алмаз Имангазиев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
