Акыйкатчы институту: Онкология илдетине чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапаты төмөн
31 январь

Акыйкатчы институту: Онкология илдетине чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапаты төмөн

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2025-жылы Улуттук онкология жана гематология борборуна жана аталган оорукананын балдар бөлүмүнө мониторинг жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институттун кызматкерлери онкология илдетине чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапатынын төмөндүгүн жана бейтаптардын укуктарынын бузулушун аныктаган.

2025-жылдын августунда жүргүзүлгөн мониторинг учурунда 34 адам нур менен дарылануу кезегин күтүп жатышкан, себеби 3 аппараттын экөө (Elekta Synergy и Elekta Synergy Platform) иштен чыгып калган. Дарылоо эскилиги жеткен “Бабатрон” аппаратынын жардамы менен гана жүргүзүлүп жаткан.

Дарыгерлер залалдуу шишик илдети менен жабыркаган бейтаптарга өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө оорунун курчушуна алып келип, алардын өмүрүнө коркунуч жаратарын белгилейт.

Мындай нур менен дарылоочу аппараттар Улуттук онкология борборунда гана бар. Ошондуктан, бейтаптар  башка аймактардан борборго келип дарылана алышат.

Үч аппарат толук кандуу иштеген шартта дагы бейтаптардын баарына өз убагында жардам көрсөтүү кыйынчылык жаратат. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде залалдуу шишикке чалдыкканы алгач аныкталган бейтаптардын болгону 25,6 пайызы гана нур терапиясын ала алышкан.

Эл аралык стандартка ылайык, 300 миң жаранга бирден нур менен дарылоочу аппарат болушу шарт. Ал эми Кыргызстандын 7 миллион калкы үчүн кеминде 20 аппарат зарыл.

Мониторинг учурунда аталган борбордо 325 бейтап дарыланып жаткан.Каттоодо 35 миң 163 бейтап турат.

Онкология тармагындагы абалды нурлануудан коргоочу атайын каражаттардын жетишсиздиги да оорлотот. Алар шишикке таасир этүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана дарылоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.