Министр “Алтын Тамыр” ак өкүлдөрү менен вакцина өндүрүрүүнү талкуулады
17 март

Министр “Алтын Тамыр” ак өкүлдөрү менен вакцина өндүрүрүүнү талкуулады

Кыргыз Республикасында мал чарбасын өнүктүрүү жана эпизоотиялык кырдаалды туруктуу көзөмөлдөө максатында маанилүү кадамдар жасалууда. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тиешелүү адистер менен эпизоотиялык абалды жакшыртуу боюнча бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүүдө.

Бүгүн, 2026-жылдын 17-мартында министр “Алтын Тамыр” акционердик коомунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу заманбап завод куруу маселесин талкуулады. Бул долбоор өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыз кылат. Ошондой эле мал чарба тармагындагы өндүрүштүн сапатын жогорулатуу багытында стратегиялык мааниге ээ.

Белгилей кетсек, “Алтын Тамыр” акционердик коому – Кыргызстандагы жалгыз биопрепараттарды чыгарган өндүрүш. Бул заводдо болжол менен 20 биопрепарат өндүрүлөт. Алар жергиликтүү мал чарбачылыгын камсыздоого гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан жана Азербайжан сыяктуу мамлекеттерге экспорттоого да жөндөмдүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр төмөнкү негизги тапшырмаларды койду: