Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь
Кыргызстанда эми кыймылсыз мүлктөгү күрөөнү «Түндүк» аркылуу онлайн алып салууга болот
Кыргызстанда эми кыймылсыз мүлктөгү күрөөнү «Түндүк» аркылуу онлайн алып салууга болот. Бул тууралуу «Түндүк» ААКдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, ипотека же насыя боюнча милдеттенмелер толук аткарылгандан кийин, күрөөнү алып салуу үчүн Жер агенттигинин филиалына барып, кагаз документтерди тапшыруунун зарылдыгы жок.
Кыматты «Түндүк» аркылуу онлайн алып, жыйынтык документти да электрондук форматта алууга болот.
Буга чейин бул жол-жобону 100 күндүк реформалардын алкагында санариптештирүү пландалган. Ага ылайык, банктар кредиттик милдеттенмелердин аткарылганын электрондук кол тамга аркылуу ырастап, зарыл болгон маалыматтарды автоматтык түрдө алмашуусу каралган.
