Таласта заманбап Перинаталдык борбор курулууда
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Талас облусуна жумушчу сапары менен барды, деп билдирет ведомстонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, министр сапардын алкагында облустук бириктирилген ооруканада жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери жана жаңы перинаталдык борбордун курулушу менен жеринен таанышты.
Сапардын алкагында министр Талас облустук бириктирилген оорукананын кабыл алуу жана кайра жандандыруу бөлүмдөрүнө барып, абалы менен таанышып чыкты.
Учурда бул медициналык мекемеде республикалык бюджеттен бөлүнгөн 137 миллион сом каражатка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоо жумуштары имараттын чатырын толук алмаштырууну, ошондой эле 2009-жылы курулган имараттын ички жана сырткы бөлүгүн толук реконструкциялоону камтыйт.
Мындан тышкары, министр облустук оорукананын аймагында курулуп жаткан жаңы Перинаталдык борбордун курулуш аянтчасына барды.
Курулуш иштери 2024-жылдын октябрында башталып, 2026-жылы аякташы пландалган. Жалпы суммасы 6 миллион еврону түзгөн долбоор Германия тарабынан берилген жеңилдетилген насыянын негизинде каржыланууда.
Курулуш иштери аяктаганда борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалган, 63 орунга эсептелген төрөт стационары болот.
Анын курамында операциялык залдар, жандандыруу бөлүмдөрү жана интенсивдүү терапия палаталары каралган. Курулуштун сапаты Германия тараптан жана курулуш компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан эки көз карандысыз техникалык көзөмөл аркылуу камсыздалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө министр аймактагы кадр маселесине токтолуп, Талас облусунда 170ке жакын дарыгер жетишсиз экенин баса белгиледи. Бул маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте бир катар чараларды көрүүдө. Анын ичинде кошумча төлөмдөрдү берүү жана турак жай маселелерин чечүү каралган.
Министр Эркин Чечейбаев акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагынын инфраструктурасын жаңыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 32 жаңы медициналык мекеменин курулушу жүрүп, 15ке жакын объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
