Ош шаарындагы заманбап эс алуу багынын курулушу уланууда
17 июль

Ош шаарындагы заманбап эс алуу багынын курулушу уланууда

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө, 2,6 гектар аянтта заманбап эс алуу багынын курулушу уланууда.

Мэриядан кабарлашкандай, жаңы сквердин аймагында төмөнкү объектилер курулат:

  • унаа токтотуучу жай;
  • кичи футбол аянтчасы;
  • заманбап талаптарга жооп берген ажатканалар (rest-room);
  • эс алуучулар үчүн кафе;
  • башкы кире бериш бөлүгүндө декоративдик арка.

Учурда эс алуу багында суугат системалары, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларга таман таштар төшөлүүдө. Бул жер буга чейин кароосуз, пайдаланылбай турган жер болгон.