Ош шаарындагы Т. Чопошев көчөсү реконструкцияланат
Т. Чопошев көчөсү М. Бегиев көчөсүнөн “Кыргыз унаа” ишканасына чейинки бөлүгү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Ош шаарынын мэри аталган жолдун абалы менен таанышып чыгып, курулушка старт берди.
Анда шаар башчысы ишти тез арада бүтүрүүнү жана сапаттуу жасоону эскертти.
Учурда көчөнү тазалоо жана тегиздөө иштери жүрүп жатат.
