Ошто турак жайдын курулушунда мыйзам бузуу аныкталып, 200 миң сом айып салынды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын М. Артыков көчөсү 38 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайдын 5 блогу текшерилип, мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, объектте курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы белгиленди.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ригел” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу жана курулуш иштерин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Департамент тарабынан курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча көзөмөл иштери улантылат.
