Айдоочулардын эсине! Ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, айдоочуларды этият болууга чакырды.
ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 31-январдан 2-февралга чейин күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн жана кар күрткүсү пайда болот.
Тактап айтсак:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Каракол – Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы сакталышы керек.
