Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар аныкталууда
30 январь

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар аныкталууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди.

Аталган иш-чаралар шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жол кыймылын камсыз кылуу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу жана мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.