Ош ОИИБ: 2 күндө мыйзамдуу өкүлүсүз иштеп жүргөн 35 бала аныкталды
17 июль

Ош ОИИБ: 2 күндө мыйзамдуу өкүлүсүз иштеп жүргөн 35 бала аныкталды

Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери 2025-жылдын 16-июль күнүнөн 18-июль күнүнө чейин “Өспүрүм-эмгек” аталышында ыкчам алдын алуу рейддик иш-чарасын өткөрүшүүдө.

Анда кызматкерлер өспүрүмдөрдүн коомдук жайларда, дүкөндөрдө, базарларда, автовокзалдарда, касапканаларда, эс алуучу жайларда көзөмөлсүз, коопсуз шарттарда эмгектенип жүргөнүн аныктоо, балдарга укуктук маалымат берүү боюнча иш жүргүзүшөт. Ал эми, алардын ата-энелерине, же болбосо аларды алмаштырган адамдарга карата мыйзамдуу чараларды колдонушат.

Аны менен катар сууга түшүүчү жайларда, жаратылыш койнуна эс алууга барган учурда ар кандай кокустуктарга кабылып калуудан, сууга чөгүүдөн сактануу, жаш өспүрүмдөргө ата-энелер тарабынан көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык жактан коргоо кызматынын өкүлдөрү жана аймактык билим берүү тармагынын кызматкерлери катышууда.

16-17-июль күнү болгон иш-чара учурунда 35 жаш өспүрүм мыйзамдуу өкүлүсүз иштеп жүргөнү аныкталды. Ар бир аныкталган факты боюнча тийиштүү материал чогултулуп, тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.