Ошто баңгизат жана күчтүү таасир этүүчү каражаттарды сатуу менен алектенген топ кармалды
КР УКМК
14 май

Ошто баңгизат жана күчтүү таасир этүүчү каражаттарды сатуу менен алектенген топ кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында «гашиш» баңги каражатын жана «Тропикамид» күчтүү таасир этүүчү затын сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу тармактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2026-жылдын 12-майында 1964-жылы туулган К.М.М. жана1993-жылы туулган  К.Б.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары Ош шаарында баңги каражаттарын сатып жаткан жеринен кармалды. 

Кармалган К.М.М. жана К.Б.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.