Сокулуктагы"Аю" комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды
"Аю" холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, комплекстин жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 млн. 639 миң болгон.
Белгиленгендей, комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.
"Аю" холдингдин уюштуруучулары жүргүзгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.