Кадамжайдагы эс алуу жайларында туристтерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү
Баткен ОИИБ
3 август

Кадамжайдагы эс алуу жайларында туристтерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

Кадамжай районунда жайгашкан «Жийделик көлү» жана «Ак кайың» эс алуу жайларында туристтерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуучуларга коомдук тартипти сактоо, жеке жана сууда коопсуздук эрежелерин так аткаруу, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, маалыматтык баракчалар таратылды.

Ошондой эле туристтер менен жекече баарлашуулар жүргүзүлүп, коопсуз эс алуу боюнча сунуштар берилип, зарыл учурда милиция кызматкерлерине кайрылуу тартиби түшүндүрүлдү.

Бул профилактикалык иш-чара туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын жана кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти бекемдөө максатында уюштурулду.