Манас шаарынын мэри «Манас тазалык» тиркемесин ишке киргизүү тапшырмасын берди
30 январь

Манас шаарынын мэри «Манас тазалык» тиркемесин ишке киргизүү тапшырмасын берди

Манас шаарынын мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиянын жүрүшүндө Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тазалык мекемесинин ишин санариптештирүү максатында «Манас тазалык» мобилдик тиркемесин тез арада ишке киргизүү боюнча аталган мекеменин жетекчисине тапшырма берди.

Мэрдин белгилешинче, аталган тиркеме аркылуу тазалык кызматтарына байланыштуу төлөмдөрдү онлайн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулайт.

Белгилей кетсек, учурда Манас шаарында газ, суу, саркынды суу, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кабыл алган атайын мобилдик тиркемелер бар.