Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланышты чыңдоону талкуулады
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бундестаг президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси - Протокол кызматынын жетекчиси Гвидо Ларге менен жолугушту.
Германиядагы элчиликтен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу ушул жылдын 29-июлунда өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Элчи өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жакшыртууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган кеңири масштабдагы реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санкциялык саясатка карата көз карашы жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.
Элчи 2026-жылдын апрелинде Бундестагдын президенти Юлия Клёкнер менен сүйлөшүүлөр өткөн, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германияга расмий сапарынын маанисин өзгөчө белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоону кошо алганда, саясий диалогду андан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
