Бишкекте тарыхый «Ак-Суу» павильонун реставрациялоо иштери башталууда
30 январь

Бишкекте тарыхый «Ак-Суу» павильонун реставрациялоо иштери башталууда

Бишкекте республикалык маанидеги тарых жана маданият эстелиги болуп саналган «Ак-Суу» павильонун реставрациялоо иштери башталууда.

1930-жылдары минералдык суу жана балмуздак сатуу үчүн курулган бул павильон узак убакыт бою кароосуз калып келген.

Реставраторлор менен сүрөтчүлөр имаратка тарыхый келбетин жана өткөн доордун атмосферасын кайтарып берүүнү максат кылышууда. Бул аркылуу зыяратчылар эски Бишкектин ностальгиясын жана өзгөчө көркүн сезе алышат.

Кайра куруу иштеринин алкагында капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, инженердик коммуникациялар жана жылытуу системасы жаңыланды. Ошондой эле фонтан аймагы калыбына келтирилип, павильон шаар тургундары жана туристтер үчүн жайлуу жана жагымдуу эс алуу жайына айланмакчы.