Бодо малдарды алып кетип, акчасын бербей жүргөн. Лейлекте алдамчылыкка шектүү кармалды
Лейлек районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагында жарандарды алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү мал каражаттарын ээлеп алуу фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү жаран кармалды.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, Раззаков шаарынын 36 жаштагы тургуну У.И. жарандардын ишенимине кирип, “акчасын кийин берем” деген шылтоо менен бодо малдарды алып кетип, акчаларын бербей жүргөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул жаранга карата 5 арыз катталып, кошумча жабырлануучулар да кайрылууда.
Тергөөнүн алкагында тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
