Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыргызстанда Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жолду куруу негизги артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Бишкектен Ошко чейин темир жол аркылуу жол жүрүү убактысы болжол менен алты-сегиз саатты түзүшү мүмкүн. Долбоордун акыркы параметрлери техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдалгандан кийин аныкталат.

«Менимче, жакынкы аралыкта Бишкектен Ошко поезд менен каттай баштайбыз. Ал сөзсүз түрдө ылдам жүрүүчү поезд катары каралат. Бир пункттан экинчи пунктка болжол менен алты-сегиз саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Так мөөнөттү техникалык-экономикалык негиздеме көрсөтөт», – деди Азамат Сакиев.

Ал белгилегендей, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү өлкөнүн экономикасы жана логистикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Мекеменин жетекчисинин айтымында, темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчү ташуу экономикалык жактан пайдалуу болуп, автомобиль жолдорундагы жүктөмдү азайтып, кыймылдын коопсуздугун жогорулатат.

Ошондой эле Азамат Сакиев 2026-жылдын июль айынын соңунда узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор темир жол тармагы пайдаланууга берилгенин эске салды.

Бул стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп саналат.

«78 жылдан бери Кыргызстанда биринчи жолу темир жолду чет элдик инженерлердин, долбоорлоочулардын, инвестициялардын жана каржылык инструменттердин катышуусуз өз күчүбүз менен кура баштадык. Скептиктер көп болду, бирок биз сапаттуу кура аларыбызды далилдедик», – деди ал.

Учурда Кара-Кечеге чейинки темир жолдун экинчи этабы боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери башталууда. Үчүнчү этапта темир жолду Макмалга чейин улантуу каралган.