Бир короодо эки-үч үй-бүлө. Жети-Өгүз районунун тургуну жаштарга жер берилбей жатканын айтты
14 май

Бир короодо эки-үч үй-бүлө. Жети-Өгүз районунун тургуну жаштарга жер берилбей жатканын айтты

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Жетигенов Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушту. 

Анда Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну жердин жана сугат суунун жетишпей жатканына даттанды. 

Айтымында, жаш үй-бүлөлөргө үй курууга жер жоктугунун айынан, алар ата-энесинин короосуна, дарактар өсүп турган жерге турак жай курууга аргасыз болушууда. 

“Бул чынында, олуттуу көйгөй. Андан сырткары, сугат суу жетишпейт. Ак-Терек менен Жаргылчак айылдарынын ортосундагы канал эскирип бүткөндүктөн, суу талаага жетпей жок болуп кетет. Анын айынан түшүм жакшы болбой калууда”, – деди тургун.