
Жогорку Кеңеш Талас жана Жалал-Абад облустарына бала бакча курууну суранууда
Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагынын Ак-Жар жана Бирдик конуштарына айыл статусун берүү маселесин көтөрдү. Муну менен катар депутат район аймагындагы бир нече айылдарда таза суу маселеси чечилбей жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында жайгашкан №23 Эралиев атындагы мектептин жамааты менен ата-энелердин кайрылуусун жеткирди. Анда ашар жолу менен курулган эски билим уясынын авариялык абалда экендигин эске алып, имаратын жаңылоо талабы айтылган.
Эл өкүлү Марат Мураталиев Талас облусундагы Маймак станциясына баруучу жолду оңдоо, Талас-Тарас-Суусамыр жолунун айрым тилкелерин реконструкциялоо маселесин көтөрдү.
Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы эски стадионду оңдоо, айылга спорт зал куруу сунуштарын айтты. Ошондой эле депутат ушул эле райондун Кара-Алма айылындагы эски көпүрөнү жаңылоо боюнча элдин талабын жеткирди.
Депутат Камила Талиева болсо Лейлек районундагы ветеринардык лабораториянын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү, кызматтык унаа менен камсыздоо маселелерине көңүл бурду.