Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ашуулардагы абал боюнча ыкчам маалымат
Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан жалпы пайдалануудагы автожолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
