Жеке маалыматтарды ачыкка чыгаргандарга салынуучу айыппулдун көлөмү көбөйтүлөт
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров билдиргендей, Депутат Гуля Кожокулова санариптик маалыматтардын ачыкка чыгуусу мыйзамсыз болгон учурда жеке тараптарга жана юридикалык тараптарга салынуучу айыппулдун көбөйүшүнө токтолду.
Депутат маалымдагандай, буга чейин физикалык жактарга минималдуу айыппул 10 эсептик көрсөткүч, а юридикалык жактарга 50 болсо, азыркы мыйзам долбоору боюнча физикалык жактарга 75 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 50дөн 650гө чейин айыппул салуу көрсөтүлгөн.
“Эмнеге мынча чоң айырма? Мында кызыкдар тараптардын аракети ишке ашып кетпейт деген кепилдик барбы? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болуп, кимдир бирөөгө минималдуу айыппул салынып, кимдир бирөөгө максималдуу айыппул тагылышы мүмкүн да. Кандай белгилер менен максималдуу жана минималдуу айыппулдар аныкталат?” – деди депутат.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров айыппулдардын көбөйтүлүшүндөгү биринчи максат – жарандардын укуктарын сактоо жана маалыматтарды ачыкка чыгарууларды тартипке салуу экенин белгиледи.
