"Эл Аман" дарыкана тармагын өнүктүрүүгө 500 млн сом бөлүнөт
30 январь

"Эл Аман" дарыкана тармагын өнүктүрүүгө 500 млн сом бөлүнөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчи Болот Жунусовду тааныштырып жатып, калкты дары-дармек менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо менен логистиканы жана «Эл Аман» дарыкана тармагын кеңири масштабда кайра түзүү пландары бар экенин билдирди.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта «Кыргызфармация» 2 млрд сом өлчөмүндө мамлекеттик насыя алууну пландап жатат.

«Бул сумманын 500 млн сому “Эл Аман” дарыкана тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталат. Негизги максат — жарандарды чындап эле жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу», — деди министр.