Президенттин тапшырмасы менен Балкчы шаарына 1 млрд сом бөлүнүп, 12 багытта иш жүргүзүлөт
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Балыкчы шаарынын келечегин түп-тамырынан өзгөрткөн масштабдуу иштер башталды. Бул максатта Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Балыкчыга келип, алдыдагы негизги пландар менен тааныштырды.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын өнүгүүсүнө 1 миллиард сом бөлүп берүүнү кароодо. Бул каражат шаар инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объекттерди курууга жана жашоо сапатын көтөрүүгө багытталат.
Мындан сырткары Министрлер Кабинетинин төрагасы, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Балыкчы үчүн 100 миллион сом бөлүп, коомдук транспорт үчүн автобустар жана тазалык ишканасы үчүн заманбап техникалар алына турганын Каныбек Туманбаев билдирди.
Учурда Бишкектен техникалар шаарга жеткирилип, иш башталды. Алгач Балыкчынын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат. Ошондой эле 20-июль күнү 12 кабаттуу ипотекалык турак жайлардын курулушу башталып, мезгил кутусун салуу аземи өтөт.
Балыкчы шаарында жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, турак жай, мектеп жана бала бакчалардын курулушу, этно-комплекстин салынышы, коомдук транспортту жакшыртуу, коомдук кызматтардын сапатын көтөрүү сыяктуу 12 багытта иштер жүргүзүлөт.
«Президенттин Иш башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аралашпайт. Биздин негизги милдет – мамлекет башчысынын тапшырмаларын так жана жоопкерчилик менен аткаруу жана жалпы өнүгүүгө өз салымыбызды кошуу», – деди Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Президенттин өз көзөмөлүндөгү бул ири долбоор Балыкчынын жүзүн өзгөртүп, шаар тургундарынын жашоо сапатын жаңы деңгээлге көтөрөрү талашсыз.
