
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Сатыев Медербек Асанбекович 5 жылдык мөөнөткө КР Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.