ИИМ Атайын багыттагы полку президентке түз баш ийдирилди деген маалыматты четке кагат
КР Ички иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, ИИМдин Атайын багыттагы полку президентке түз баш ийдирилди деген маалымат чындыкка дал келбегендигин расмий түрдө билдирет.
Тийиштүү жарлыкка кол коюлду деген билдирүүлөрдүн эч кандай фактылык негиздери жок жана алар ишенимсиз болуп саналат.
ИИМдин Атайын багыттагы полк штаттык режимде ишин улантууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана текшерилбеген, бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат.
