«Бандит» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын алкагында 20дан ашуун жаран ички иштер органдарына жеткирилди
6 июнь

«Бандит» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын алкагында 20дан ашуун жаран ички иштер органдарына жеткирилди

  • «Бандит» ыкчам-алдын алуу рейдинин жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана укук тартибин сактоого багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзүштү.

  • Иш-чаранын негизги максаты – тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңги каражаттарын аныктоо жана алуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуулукка байланыштуу кырдаал абалга тийгизген таасирине жол бербөө боюнча алдын алуу иштерди жүргүзүү болду.

  • Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери даректүү текшерүүлөрдү, ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кылмыш жасоого тиешеси бар адамдарды жана издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди аткарышты.

  • Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 20дан ашуун жаран мындан аркы териштирүү жана кылмыштарга же укук бузууларга тиешеси бар-жогун текшерүү үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилди. Аныкталгандай, жеткирилген жарандар ички иштер органдарынын ыкчам-алдын алуу каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турушат.

  • Мындан тышкары, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңги каражаттарын жана башка тыюу салынган буюмдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

  • Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана борбор калаадагы туруктуу ыкчам абалды сактоо багытындагы комплекстүү иштерди улантууда.

  • Жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана мыйзамсыз сакталган куралдар, баңги каражаттары, ошондой эле башка укукка каршы аракеттер тууралуу 102 телефону аркылуу дароо билдирүүгө чакырабыз.