Ош шаарында «Арсенал» операциясы: коомдук коопсуздук – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз
Ош шаарынын аймагында учурда «Арсенал» аталышындагы ыкчам-алдын алуу багытындагы атайын операция жүрүп жатат. Бул иш-чаранын башкы максаты – калк арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктап алуу, курал сактоо эрежелеринин так сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам талаптарын бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү болуп саналат.
Операциянын алкагында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын лицензиялоо жана уруксат берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу түрдө курал сактоого укугу бар 844 жаран текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында курал сактоо эрежелерин жана уруксат кагаздарын каттоо мөөнөтүн бузган 36 жаранга протокол түзүлүп, алардын куралдары убактылуу алынган.
Ошону менен бирге, 38 жаран коомдук коопсуздукка кайдыгер карабай, өз ыктыяры менен мыйзамдуу алып жана сактоого укуктары болсо дагы-куралдарын милиция органдарына өткөрүп беришти. Бул – жарандык жоопкерчиликтин жана мыйзамды сыйлоонун айкын үлгүсү болуп саналат.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери курал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрыкча үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында ар бир жаран менен жеке маектешүүлөрдү өткөрүштү. Анда куралды туура сактоо, жоопкерчиликтүү пайдалануу жана мыйзам талаптарын так аткаруунун мааниси кеңири түшүндүрүлдү.
Учурдан пайдаланып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз курал сактап жүргөн бардык жарандарды куралдарын өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына тапшырууга чакырат. Анткени мыйзамсыз сакталган ар бир курал – эртеби-кечпи кайгылуу окуяга, адам өмүрүнө коркунуч жаратуучу кырсыкка себеп болушу мүмкүн.
ЭСКЕРТҮҮ:
Мыйзамсыз сакталган куралды өз ыктыяры менен тапшыруу – кылмыш жоопкерчилигинен сактануунун жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун эң туура жолу. Курал – оюнчук эмес. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн мыйзамсыз куралды бүгүн эле тапшырыңыз!
