Салык кызматы менен D Billions тобу патриоттук мүнөздөгү мультфильм жаратышты
Салык кызматы белгилүү D Billions тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады.
Тасманын максаты – келечек муунга мекенди сүйүүнү, ар бир жарандын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымынын маанисин жөнөкөй жана кызыктуу жол менен түшүндүрүү болуп саналат.
Ошондой эле, мультфильм өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин, коомдук аң-сезимин калыптандырууну, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратмандык, позитивдүү иштерге жигердүү катышууну жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт.
Жаркын образдар, жандуу музыка жана эмгекчил каармандардын жөнөкөй иш-аракеттери менен мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошууга болорун чагылдырат.
