Жайыл районунда 1 тоннадан ашык  кара куурай жок кылынды
17 июль

Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кара-Куурай» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалымакта ылайык, иш-чаранын алкагында Жайыл районунун аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүшүүдө.