Комитет Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдарды колдоо боюнча маалымат алды
Бүгүн, 10-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында
«Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2142-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берип, бул багытта эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, концептуалдык документтерди иштеп чыгуу, бейтаптардын реестрин түзүү, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева тармактык министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин масштабы аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын муктаждыктарын толук канааттандырбай жатканын белгиледи. Эл өкүлү аталган диагнозу бар балдардын ата-энелери менен жолугушканын айтып, алардын негизги өтүнүчтөрүнүн бири мамлекеттик реабилитациялык борборлорду ачуу экенин кошумчалады.
Ал эми депутаттар Нилуфар Алимжанова, Нуржамал Торобекова жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү жана өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо керектигин билдиришсе, эл өкүлү Эдита Тайгараева жеке менчик реабилитациялык борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүн арзандатылган баада «мамлекеттик заказ» механизми аркылуу пайдаланууну сунуштады. Ошону менен депутат логопед, массажист, сурдолог жана башка тар багыттагы адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин ортого салды.
Депутат Гүлнара Баатырова аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал илдетин алдын алуу, дарылоо жана реабилитациялоо системасын заманбап ыкмаларды колдонуу менен өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
