Ош: “Т” жолунун 600 метрлик бөлүгүнө төрт тилкелүү жол курулат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кош-Таш көчөсүндө жайгашкан “Т” формасындагы жол тилкесине барып, көчмө жыйын өткөрдү.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, аталган жолдун 600 метрлик бөлүгүнө төрт тилкелүү заманбап жол куруу иштери башталып, курулуштун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аякташы үчүн тиешелүү жетекчилерге жана адистерге бир катар тапшырмалар берилди.
Жыйындын жүрүшүндө жол куруу процессинде коопсуздукту камсыз кылуу, электр мамыларын жылдыруу жана курулушка тиешелүү башка техникалык маселелер боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Ошондой эле, биринчи орун басар курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык жүргүзүп, кечиктирүүгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
