Тармактык комитет тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маалымат менен комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.
Аталган мыйзам долбоору тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аярлуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо максатында иштелип чыккан.
