www
17 март
Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Кыргызгидрмоет кызматы аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу тууралуу эскертти.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 18-мартынан 23-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:
- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу),
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
- Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу),
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
