Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлери сыйланды
Бүгүн, 17-мартта Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты.
Шаар башчысы коммуналдык чарба тармагы шаар турмушунун туруктуу иштешин камсыздап, калктын жашоо сапатына түз таасир эткен маанилүү тармак экенин белгилеп, тармак кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Ошондой эле 2026-жылы алардын айлык маянасын эки эсеге жогорулатуу чечими кабыл алынганын билдирип, эмгегин татыктуу баалоого өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Майрамдык салтанатта тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык баракчалары жана мэрдин баалуу белектери менен сыйланып, коммуналдык ишканаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
