Тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун функционери кармалды
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 8-апрелинде тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун лидерлерин жана активдүү мүчөлөрүн нейтралдаштыруу боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.
Экстремисттик идеологияны жайылтуу, үгүт жүргүзүү, материалдарды таратуу жана каражат чогултуу менен алектенген функционерлердин бири Ж.Э. аттуу жаран кармалды.
Шектүү тергөө абагына киргизилди.
Уюмдун байланыштарын жана түзүмдөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
