Төрага Марлен Маматалиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы социалдык объектилердин жана инфраструктуралык долбоорлордун абалынан кабар алды
Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Ош облусунун Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, саламаттык сактоо, билим берүү, ирригация жана жол тармактарындагы бир катар социалдык объектилердин жана стратегиялык маанидеги мекемелердин абалы менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Төрага алгач Зарбдар айылында жайгашкан №69 Чыңгыз Айтматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Алсак, аталган мектеп 1971-жылы 536 орунга ылайыкталып курулган. Бирок азыркы учурда 1400дөй окуучу үч нөөмөт менен билим алат. Ага ылайык, окуу жайды жаңылоо багытында 137 млн сомдук долбоор иштелип чыгып, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен реконструкцияланууда.
Ошондой эле Төрага Нариман аймактык ооруканасына да барды. Оорукананын жетекчилиги белгилегендей, медициналык жайдын негизги имараты 55 жыл мурун курулгандыктан, азыркы замандын талабына жооп бербейт. Андыктан, 140 орунга ылайыкталган 200 млн сомдук жаңы оорукананын долбоору даярдалган. Ош шаарына жакын аймактардын жана Кара-Суу районунун элин тейлеген жаңы оорукананын имаратынын курулушу кийинки жылы башталары айтылды.
Төрага медициналык кызматкерлер менен баарлашып, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле оорукананын негизги имараттары өткөн кылымдын 70-жылдарында курулганын эске алуу менен материалдык-техникалык базаны жаңылоо маселесине көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Андан соң Марлен Маматалиев Зарбдар айылындагы Сулайманов көчөсүнүн жана Нариман – Колхоз – Ленин автожолунун 4 чакырымдык бөлүгүнүн абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери боюнча пикир алышты.
Мындан сырткары, Төрага баштаган депутаттар Ош – Кара-Суу багытында реконструкцияланып жаткан жолдун курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыгышты. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 18,7 чакырым болгон жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Ошондой эле жаңы көпүрө курулуп, инженердик-коммуникациялык тармактар жаңыланууда. Жалпы баасы 2,5 млрд сомду түзгөн долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Ошону менен катар Кашкар-Кыштак айылынын негизги жолунан да кабар алды.
Иш сапардын жүрүшүндө Төрага Ташлак айылындагы 2001-2005-жылдары ашар жолу менен салынган №124 жалпы билим берүү мектебинин абалын да көрдү. Учурда авариялык абалга кептелген мектепте 520 окуучу билим алат. Жыйындар залы, спорттук жайы да жок. Андыктан Марлен Маматалиев тиешелүү министрликке бардык шарты камтылган жаңы заманбап мектептин долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Андан соң Төрага №12 Отуз-Адыр жалпы билим берүү мектебине да барды. Мектеп 180 окуучуга ылайыкталып курулганына карабастан учурда анда 597 окуучу билим алып жаткандыгы, окутуу үч нөөмөттө жүргүзүлөрү маалымдалды. Ошондой эле орун жетишсиздигинен улам жүздөгөн окуучулар коңшу мектептерге барып окууга аргасыз болуп жатканы айтылды.
Төрага мектептин имараты дээрлик жарым кылым мурда курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн белгилеп, жаңы мектеп куруу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын билдирди. Ошондой эле жаңы билим берүү мекемесинин долбоору менен таанышып, балдардын заманбап шартта билим алышы үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керектигин кошумчалады.
Мындан соң Төрага Отуз-Адыр каналын реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында Отуз-Адыр, К-9, К-9-1 жана МКС каналдарынын жалпы 42 чакырымдан ашуун бөлүгү жаңыланып жатат. Жалпы баасы 1,7 миллиард сомдон ашкан долбоор Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Белгиленгендей, реконструкция иштери аяктагандан кийин 13 миң гектардан ашуун жер сугат суу менен камсыз болуп, каналдардын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт. Долбоордун натыйжасында Кара-Суу районундагы жана коңшу аймактардагы жүз миңдеген тургундардын жашоо шарты жакшырып, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү өсөт деп күтүлүүдө.
Муну менен бирге Кызыл-Сарай айылындагы жеке жарандын жер тилкесинде жайгашкан фельдшердик-акушердик пункттун иши менен таанышкан Төрага жергиликтүү калк үчүн алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага ылайык, атайын жер бөлүнүп, эл аралык фонддордун көмөгү менен заманбап медициналык жай куруу тууралуу айтылды. Ал эми учурдагы ФАП жайгашкан жерге ээсинин уруксаты менен бала бакча салуу боюнча тапшырмалар берилди.
Жумушчу сапардын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан жолдорду оңдоо, жаңы мектептерди жана медициналык мекемелерди куруу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, турак-жай үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, таза суу жана социалдык инфраструктура өңдүү маселелер көтөрүлдү.
Өз сөзүндө Төрага Марлен Маматалиев акыркы жылдары өлкөдө аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясаттын негизги багыттарынын бири катары калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, заманбап социалдык жана инженердик инфраструктураларды түзүү маселеси каралып жатканын айтты.
Ошондой эле көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи. Төрага жер-жерлерде эл менен түз жолугушууларды өткөрүү көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
