Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрадан сел корунучу тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, 3-августтун күндүн экинчи жарымында жана 4-августан 6-августуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат.