Транспорт министри Ала-Бука — Касан жолунун курулушу кечеңдеп жаткандыгын айтып сынга алды
17 июль

Транспорт министри Ала-Бука — Касан жолунун курулушу кечеңдеп жаткандыгын айтып сынга алды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 17-июлда Ала-Бука — Касан жолунун курулушун текшерип барды.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев жеринде иштин жүрүшүн сынга алды.

Министр аталган жолду тротуар, жарыктандыруу жана жол чийиндери менен кошо сентябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүү тапшырмасын койду.

Кошумчалай кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,1 чакырымды түзөт.